Дубайдагы авикомпаниялардын бири  Emirates өзүнүн Instagramдагы баракчасына бриллант менен жасалгаланган учактын сүрөтүн жүктөдү. Соцтармактын колдонуучулары ага кыжыры кайнап турган чагы.

“Жаңы Emirates Bling 777 учагын сунуштайбыз. Сүрөт блоггер Сара Шакил тарабынан тартылган”,- деп сүрөттүн алдына жазылган.

Соцтармак колдонуучулары аба кемесин асыл таштар менен кооздоо ашыкча нерсе экенин жазып, Африкада балдар өлүп жатканын эскертишкен.

Аны менен бирге эле сүрөтчүгө Пакистан-Милан каттамындагы рейсине  эң мыкты класстагы тейлөөнү сунушташты.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.