Учурда Жогорку Кеңеште өкмөт башчысы М. Абылгазиев өткөн жылы жасалган иштери тууралуу маалымат берүүдө.

Биринчи вице-премьер- министр Кубатбек Боронов: “Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында республика боюнча 92 уран калдыктары сакталган жай бар. Алардын ичинен 58 радиоактивдуу болуп эсептелет. Мындайчасын айтканда уран жана башка оор зыяндуу тоо калдыктары, металлдар.  Булардын баары өткөн 1940-1960-жылдардагы иштетилгендер.

Бүгүн алар ӨКМ тарабынан көзөмөлгө алынып турат. Алар учурда атайын долбоорлордун негизинде зыянсыздандырылып жатат.  Кажы-Сайды бүттү. Миң-Кушта 4 уран калдыктары Россия тарабынан каржыланган долбоор аркылуу зыянсыздандырылып жатат. Майлуу-Сууда 23 уран калдыктары сакталган жай бар. Өзүбүздүн казынадан каржылай албайбыз. Эл аралык уюмдарды тартып жатабыз. Алар да жакында иш башташат”,-деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.