Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын комендатурасынын иши менен таанышты.

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев комендатуранын коомдук коопсуздукту камсыздоо, киргизилген убактылуу чектөөлөр, шаардын аймагында орнотулган посттордун иши боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Биринчи вице-премьер-министр шаардын коменданты менен бирге Бишкек шаарында орнотулган бир нече постторду текшерип чыкты.

«Биз жарандардын жана унаалардын жылып жүрүүсүндө, ошол өңдүү эле милиция, медицина жана башка кызматтар тартылган негизги процесстерди башкарууда толук тартип орнотууга тийишпиз. Жарандарыбыздын жана адистерибиздин коопсуздугуна кам көрүү башкы орунда турушу кажет», – деп баса көрсөттү ал.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.