Айылда эшек минген киши жок. Бул деген турмуштун жакшыргандыгынан кабар берет. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында суроолорго жооп берип жатып айтканын Элдик медиа басылмасы жазды.

“Азыр айылдарда жолугушууга келген адамдар унаа менен келишет. Ат, эшек мингендер жок. 500 адам келген жерде сөзсүз 250 автоунаа болот. Бул көрүнүш элет жеринде жашоонун оңолгондугун билдирет”,-дейт Боронов.

К. Боронов: “Айыл турмушу оңолду, айылда эшек минген киши жок ”

К. Боронов: “Айыл турмушу оңолду, айылда эшек минген киши жок ”

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Вторник, 14 января 2020 г.

Буга чейин интерентке Өзгөн районунун Зергер айылынын окуучулары мектепке эшекти минип келише тургандыгы тууралуу видео жарыяланган.

Колдонуучулар Бороновдун айткан сөздөрүн сындап, окуучулардын тасмасын байма-бай бөлүшүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.