Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуулук жараткан таштар атайылап кулатылат. Бул туурасында “Кыргыз темир жолу” ишканасы кабарлады. Тагыраак айтканда, Боом капчыгайында 27-сентябрдан 1-октябрга чейин кооптуу тилкеде автоунаалардын жана поезддин каттамына чектөө киргизилет.

Аталган иштер күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу жарым-жартылай жабылат. 30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол ачылары белгиленди. Мындай аракеттер автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.