“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, Боом капчыгайында 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин атайын таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды.

Кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылат. Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат.

Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.