Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков бир айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карап, тергөө амалдары соңуна чыккыча, бир айга абакта кармоо чечимин чыгарган.

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.  

Эске салсак, Болсунбек Казаков 10-апрелде кармалган. Ага Бишкектеги “Идеал-Хаус” коттеждер шаарчасындагы 48 коттежди арзан баада саткандыгы үчүн айып тагылууда.  


Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз