Кат Төрөт үйүндө ремонт учурунда бөтөлкөнүн ичинен табылган

1980-жылы жыгач уста тарабынан жазылган кат Челябинск шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде дубалдан арак ичимдигинин бөтөлкөсүнүн ичинен табылган. Бөтөлкө саргайып калган газетага оролгон.

Катта жумушчулардын эмгек акысы айына 200 рублды гана түзөт, ал эми эт такыр жок. Себеби, этти КПССтин генеральдык секретары Леонид Брежнев Камбоджанын кара адамдарына жана Индия, Иран, Кореяга жиберет деп жазылган.

“1980-жыл. 16-октябрь. Бул жакта Горланов Николайдын жыгач усталарынын бригадасы иштейт. Жыгач усталар Лавренов Михаил, Литвиненко Михаил,  Аникин Федор жана башкалар. Баардыгы 16 адам. 5-топтогу жыгач усталардын эмгек акысы айына:180-200 рубль” , -деп, каттын авторлору жазган.

Ошондой эле алар Брежневди бөлөк өлкөлөргө жардам берет деп сынга алышкан.

“Азык түлүк эч нерсе эмес, бирок этти биз жыл бою көрбөйбүз. Биздин жетекчи Брежнев баардыгын башка өлкөлөргө жиберет: Камбоджанын кара адамдарына, Индияга, Иранга. Негизинен айтканда биздин жашоо кыйын. Дүйнө тынч эмес. Согуш, согуш. Бул катты ким тапса кабарлагыла. Азырынча ушул. Сак саламатта болуңуздар. Лавренов “, -деп кат толукталган.

40 жылдан кийин төрөт үйдүн кызматчылары ошол жыгач усталарды табалы деп чечип, катты соц тармактарга жарыялашты.

Назаркул кызы Назик

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз