Борбор калаада “Бишкекжашылчарба” ишканасынын моторолер тээп бараткан кызматкерин маршрутка сүзүп кетти. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, саат 7:20лар чамасында Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Маршруттук такси жабыркаган кишини 20 метрдей сүйрөп кеткен. Ал учурда ооруканада.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз