Бүгүн, 5-июлда Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму улантылды.

Мамлекеттик айыптоочулар УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы мурунку мэрлерди камакта калтырууну суранды. Ал эми жактоочулар прокурорлордун өтүнүчүн четке кагууну суранышты. Алардын пикири боюнча, айыпталуучуларды камакта калтырууга негиз жок.

Жыйынтыгында судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларды 6-сентябрга чейин камакта калтырды.

Эске салсак, мурунку мэрлер Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, “Дастан” ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып кармалган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз