Бишкектин батыш бөлүгүндө 15-19-апрель аралыгында газ жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Убактылуу чектөө жер түбүндөгү түтүктөр эскирип, газ чыгып жаткандан улам болууда.

Көгүлтүр от өчө турган аймактар:

Кустанай көчөсүндөгү №36а, 36, 38, 40, 33 үйлөр;

Дэн Сяопин, Кустанай, Астрахань, Камчатка көчөлөрү менен чектешкен аймак;

БСМ отказаны менен “Акун” ЖАКы.

“Бишкекгаз” түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз