Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июндан 21-июнга чейин төмөнкү даректердеги 10 миң абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт, алар: Лев Толстой, Киров көчөлөрү, Новопавловка айылы, Чоң Чүй каналы аймагы, Ала-Арча аймагы. Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалууда.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздык үчүн абонеттерден кечирим сурап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз