Бишкек шаарынын айрым райондоруна кезеги менен бир нече күн  жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстандан” билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-майдан 8-июнга чейин газ берүү токтотулат.

31-майдан 5-июнга чейин Щербаков көчөсүндө, 4-8-июнда Ахунбаев, Грибоедов, Бакаев көчөлөрүндө газ болбойт.

Сокулук районунда 4-8-июнда Ленинград жана 8-Март көчөлөрүнө да жаратылыш газын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз