Эртең, 13-августта борбор калаанын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бөкөнбаев, Калык Акиев, Фрунзе жана Манас көчөлөрүндө таза суу өчүрүлөт. Мындан сырткары, суу шаардык мэриянын имаратында да убактылуу токтотулат.

Мэриянын басма сөз кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын бул убакыт аралыгында алдын ала таза суу камдап алууну өтүнөт.

 

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз