Бишкекте жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан былтыр күздө тигилген жоогазындар гүлдөй баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте жоогазындар гүлүн ачты

Маалыматка ылайык, шаардагы 25 клумбага жоогазындын 18 түрү тигилген. Гүлдөр  Курманжан датканын эстелигинин, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына, Түштүк магистралга, Ахунбаев менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишине, Ибраимов — Жумабек, Гоголь — Чүй, Масалиев көчөлөрүнө, өкмөттүн имаратынын алдына жана башка коомдук жайларга тигилген. Алар толук гүл ачкандан кийин жоогазындын түбү жерден казылып, кургатылып, күзүндө кайрадан отургузулат.

Бишкекте жоогазындар гүлүн ачты

Жоогазындын ордуна 28 түр бир жылдык гүлдөр тигилет.

Бишкекте жоогазындар гүлүн ачты

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.