Бишкекте “Тез жардам” кызматы кош бойлуу келиндин төрөтүн үйүнөн кабыл алып, эгиз балдар төрөлдү. Бул тууралуу ыкчам медициналык борборунун маалыматына таянып eldik.media  басылмасы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, таңкы саат  06:20да аталган кызматка билдирүү келип түшкөн. Медициналык топ аталган дарек боюнча барганда кош бойлуу келиндин төрөтү башталып калганын көрүшүп, үйүндө төрөтүүнү чечишкен. Жыйынтыгында эгиз уулдар жарыкка келген.

Учурда ымыркайлар энеси менен шаардык перинаталдык борборго жаткырылып, ак халатчандардын көзөмөлүндө.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.