Борбор калаада “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы башталды. Аталган долбоор айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багыттары боюнча өткөрүлөт. Кароо-сынакка 12 жаштан 30 жашка чейинки чыгармачыл адамдар катыша алат.

Уюштуруучулар жумалыктын алкагында өтө турган концертке коншу мамлекеттерден өнөрпоздор келишээрин айтышат.  

Дастан күнүндө коңшу Каракалпакстан, Казакстан өлкөлөрүнөн дастанчы улан-кыздар, ал эми күү күнүндө Өзбекстандан, Кореядан жана Казакстандан аспаптарда ойногон өнөр адамдары келишет.  

Эске сала кетсек,“Салттуу музыка жумалыгы” 2004-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Долбордун аягында жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылат. 25-апрель күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда иш-чара жыйынтыкталат. 

Бул долбоордун автору КР Эл артисти Роза Аманова.  

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.