Бишкекте Шота Руставели жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ, 20-ноябрда саат 18:40дар чамасында эки окуучу баланы автоунаа сүзүп кеткен.  Бул туурасындагы социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, балдар жөө кишилер өтүүчү жерде баратканда унаа келип сүзү кеткен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.