Борбор калаада 11-февралга караган түнү активисттер шаардын ар кайсы жерине, көбүнчө банктардын алдына “Тойго насыя алба!” деп жазып чыгышкан.

Алардын айтымында, Кыргызстанда акыркы убактарда банктан кредит алып той өткөргөн көрүнүш күч алган.Ошондой эле активисттер банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмес экенин, болгону ал жерге келген жарандар бул эскертүүнү окушу керек деп белгилешкен.

Айрым мааалыматтарга караганда кыргызстандыктардын бир жылда тойго чыгымдаган каражаты өлкөнүн тышкы карызына чамалап барат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.