Бишкектеги Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул капмада көмүр лимит менен сатылууда: бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр.

“Лимит сатуучулар тарабынан алып-сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген. Жакынкы күндөрү лимит алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 16 машина көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар”, – деп айтылат маалыматта.

Айрым маалымат каражаттары көмүр сатып алуу үчүн кезекте тургандардын саны 700 кишиге жеткенин жазышты.

Күн мурун президент Садыр Жапаров борбордо көмүрдүн баасы тоннасы 3 миң сомго чейин арзандарын убадалаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.