Бишкекте күйөөсү мурдагы аялын мыкаачылык менен өлтүрдү. Бул туурасында бүгүн,14-январда укук коргоо органдарынын маалыматына таянып Акипресс агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 12-январда кылмышка шектүү жаран 2 баласы менен жашаган мурунку аялынын үйүнө келген. Ал ортодо экөөсүнүн ортосунда жаңжал чыгып, ачууланган эркек киши жубайын бычак менен кескилеп, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган.

Свердлов райондук милициясы кылмышка шектүүнү кармап, учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.