Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарынын Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу ангардан өрт чыкты.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өрт толук түрдө чектөөгө алынып, өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жана штаб тартылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.