Бишкек шаарында 12-16- ноябрь күндөрү ХII Эл аралык укук коргоочу документалдык фильмдердин фестивалы өткөрүлөт.

Аталган иш-чара “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз” деген девиздин алкагында  БУУун адам укуктары боюнча Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналат.

Конкурска жалпы 18 мамлекеттен 55 фильм келген. Комиссия алардын исинен эң мыктыларын тандап алган.

Бул жылдагы документалдык фильмдердин сценарийи балдардын, аялдардын жана аялуу топторго, мигранттарга, соттук адилетсиздикке дуушар болгон адамдарга арналган.

Фестивалдын идеясын бул жылы Бишкек шаарынын мэриясы, борбордун акимияттары колдогон. Документалдык тасмалар шаардык баардык кино театрларында бекер көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн эшик ачык.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз