Борбор калаадагы Жал кичирайонунда жаңы гүл бакча ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, эс алуу аймагын куруу үчүн шаардык бюджеттен 3,5 миллион сом каралган. Гүлбакчаны оңдоо иштери 2 ай жүргүзүлдү.

Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров билдиргендей, бийлик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ишти улантууда.

«Шаар жетекчилигинин башкы максаты -тургундарга жана меймандарга ыңгайлуулук жана жайлуулук тартуулоо», -деди ал.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз