Акыркы күндөрү таажылуу вирус жуктургандардын саны азайып баратат.
Аз-аздан абал турукташып келе жатат.
Баш калаабыздагы ачылган стационарларга кайрылгандардын саны кескин кыскарууда.
Ошого байланыштуу Мэриянын чечими менен кечээ дагы үч стационар жабылды.
Жалпысынан эки ай аралыгында Бишкектеги стационарлардан 90 миңдин тегерегинде бейтап медициналык жардамдарды алышкан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.