Бишкекте сентябрь айынын орто ченинде “БТА Банк” Жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, колго түшкөн адамга карата үч кылмыш иши козголгон. Алардын бири “кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген мазмундагы берене.

“Ошондой эле Темир Рыскулов буга чейин Максим Бакиевге таандык болгон “Идеал Хаус” комплексинин сатылышына тийштиги бар деп айыпталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Темир Рыскулов убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөө амалдары уланууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз