6-октябрда Бишкек шаарында салт болуп калган күзгү айыл-чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз катчысы  кабарлады.

Маалыматка караганда, жарманке шаардын 3 районунда өтөт.

Свердлов районунда —Т.Айтматов жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде

Ленин районунда — Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

Октябр районунда —Н.Жетикашкаева көчөсүндө

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү өтүп турат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.