Бишкектеги Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өзүн таштаганы жаткан кыз куткарылды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-майда ӨКМге калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз аял боюн таштаганы жаткандыгы жөнүндө  кабар келип түшкөн. Куткаруу кызматы ыкчам түрдө окуя болгон жерге келип, кызды куткарып калган.

Азырынча кыздын эмне себептен мындай кадамга баргандыгы жөнүндө маалымат жок.

https://www.facebook.com/tynjtyk/videos/2223956017681275/

 

 

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.