Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик адам өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн жок. ”

Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу экенин айтты. 25-майда түнкүсүн Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөр киргизилбей жатканын тажик басылмалары жазышкан. Алар кайра келген учактарында артка кайтышкан.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” коюлган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.