Бишкекке Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 даана автобус алып келинет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумга ылайык, “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы Бишкекке Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапон ISUZU брендинин 350 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустарын жеткирүү милдеттенет”, – деп жазылат билдирүүдө.

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттамдарына 2021-жылдын 1-июлуна чейин жеткирилет.

2022-2023-жылдар аралыгында “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясы газ менен жүрүүчү автобустардын санын миң даанага жеткирүүнү пландаштырууда. Анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар бар.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.