Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында бир топ маселелер көтөрүлдү. 

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы баасы 2-мартта эле соңуна чыккан. Бул тууралуу аталган комитеттин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди. 

Айтымында, эми жаңы баа коюлушу керек. Компаниянын сатыктарынан түшкөн каражаттар 2018-жылдагы республикалык бюджетте каралбаган. 

Ренат Түлөбердиев: “Учурда өкмөттө 32 обьекти камтыган мекчиктештирүү программасынын долбоору каралууда. “Альфа Телеком” боюнча өкмөттө катуу талкуу болуп жатат. Бул жумада компанияны менчиктештүү маселеси өкмөттө каралат”, – деди. 

Дагы бир маанилүүлүгү жагынан артта калбаган маселе – бул Кыргызстан- Кытай газ өткөрмөсү. Депутат Сайдулла Нышанов кен иштетүү, энергетика жана өнөр жай боюнча Мамлекеттик комитетти аталган долбоорду ишке ашырууда баамчыл болуп, жаңылыштык кетирбөөгө чакырды. 

“Биз Бишкек ЖЭБиндеги комиссиясынын курамында иштеп жатып аткаминерлерибиздин макулдашууларда одоно жаңылыштыкка баргандарына күбө болдук. Жаңылыштыктарга азыртадан маани бербесеңиздер, ал сиздерге да жетет”, – деди Нышанов. 

Аны менен катар Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссия 10-майда Жогорку Кеңеште корутундусун чыгараары дайын болду. Ага дейре документке толуктоолор киргизилет. Комиссиянын мүчөлөрү малымдашкандай, корутундуга ЖЭБди модернизациялоо долбоорунда макулдашууга  башынан аягына чейин кимдер кол коюшса баарынын аты-жөнүн киргизүү чечими кабыл алынган. Буга дейре Сайдулла Нышанов аталган маселеде коррупционерлердин саны өтө көп экендигин билдирген. 

 

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.