Бишкек шаарынын күнүнө карата борбордук көчөнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, 29-апрелде саат 16.00дөн баштап “Ала-Тоо” аянтындагы майрамдык концерт бүткөнгө чейин, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат.

Шаар тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугун сактоо үчүн борбордук аянттын 8 жерине өткөрүү пункттары коюлат. Ошондой эле, коомдук тартипти 1000ден ашуун милиция кызматкер көзөмөлдөйт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.