Кѳптѳгѳн шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясы эс алуу күндѳрү  айыл-чарба азыктарынын жарманкелерин уюштурууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирүүдө.

Анда баарыңыздарды жарманкеге катышып, экологиялык таза жер жемиштерди, сүт, эт, тоок, балык, жана ун  азыктарын сатып алып, кышка даярдык кѳрүүгѳ чакырабыз – деп, айтылат.

Жарманкелер тѳмѳнкү даректерде ѳтүүдѳ:

Свердлов районунда Т.Айтматов жана Мамбетов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

Ошондой эле, шаар тургундарынын суранычы боюнча жарманкелер тѳмѳнкү даректерде ѳтѳт:

– Ауэзов кѳчѳсүндѳ («Аламүдүн-1» кичи району, «Чынар» базарынын жанында);

-Орозбеков кѳчѳсүндѳ («Эски толчок» базарында);

– Ленин районунда жарманке Айни жана Бакаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде ѳткөрүлөт;

– Октябрь районунда жарманке Н.Жетикашкаев кѳчѳсүндѳ (Токомбаев кѳчѳсүнѳн Айтиев кѳчѳсүнѳ чейин) уюштурулган;

-Ал эми Биринчи май районунда Медеров жана Панфилов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде ѳткѳрүлѳт.

Азык-түлүк жарманкеси ар ишемби жана жекшемби күндѳрү саат эртең мененки жетиден түшкү саат тѳрткѳ чейин ѳткѳрүлүүдѳ.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз