УКМК Коррупцияга каршы кызматы өткөзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүндө коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 313, 313-1, 304, жана 314-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси «А.Н.» кармалды.

Такталган боюнча, «А.Н.» материалдык жактан каражат топтоо максатында жарандардан автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда, ошондой эле автомектептердин окуучуларынан айдоочулук күбөлүк алуудагы экзаменин алууда мыйзамсыз акча алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган.

Кармалган адам  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз