Бишкек шаардык мэриясы быйыл жаңы жылдык жардыргычтарга 800 миң сом бөлгөн. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бирок бул нерсеге жарандык активисттер караманча каршы, ансыз да абасы булганып жаткан калааны сактоо үчүн жарандарды жардыргыч колдонбоо чакырыктары менен акцияларды өткөрүшкөн.

Ал эми шаар башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, буга чейин эле тендер өтүп, жеңүүчүсү аныкталып калган соң андан баш тартууга мүмкүн болбой калган.

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.