Эртең, 2018-жылдын 7-декабрында, Бишкек шаарыбызда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык юбилейинин алкагында, мини-футбол жолдоштук матч өткөрүлөт.

Мелдеште  Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун жана Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормоновдун жетекчилиги астында депутаттардан түзүлгөн курама командалар катышат. Мындайчасын айтканда Ош шаардык кеңештин депутаттары менен Бишкек шаардык кеңештин депутаттары беттешмекчи.

Мелдеш Арча-Бешик конушундагы «Газпром» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде, саат 15-00дө өтөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз