Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө тилкеси) “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. ӨКМден алынган маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 6  адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.