Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратты. 

 Маалыматка ылайык, аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолу, “Сосновка”, “Арал” посттору жана Өтмөк ашуусунан,  29-март саат 22:00дөн 30-март саат 10:00гө чейин жабылат. 

Өзгөчө кырдаалдар катталган учурда 112 кызматына кайрылыңыздар!

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз