Мурдагы бийликтин тушунда түзүлгөн келишимдер четинен четке чыга баштады.  Мындай дегенибиз, өткөн жылы Бишкек мэриясы газпромдун акчасына Россиядан 350 автобус сатып алууну көздөп жаткан келишимден баш тартты. Бул тууралуу  шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов маалымдоодо.

Аталган келишим ошондо эле чуу жаратып барып токтогон. Себеби, ал келишимде газпромдун кызыкчылыгы Кыргызстандыкына караганда көбүрөөк экендиги сокур көзгө деле дайын болгон болчу. Айтор, ал учурдагы келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы нөл болгондугу учурда кытай кредиттеринен улам укук коргоо органдары ашкерелеп жатканын көрүп жатабыз. Мындай келишимдерди четинен чубап айтуунун деле кажети жок.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку нарын ГЭСтерин куруу максатында Чех компаниясы менен болгон келишимден баш тартканын айтсак жетиштүү болсо керек.

Эми автобустардын бир аз таржымалына токтоло кетсек,  Бишкек мэриясы 2018-жылдын соңуна чейин 350 автобус сатып алмак. Мындай меморандумга 2017-жылы 25-декабрда Өкмөт үйүндө кол коюлган. Меморандум орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” “Эксар” ишканалары менен Бишкек мэриясынын жана Социалдык фонддун ортосунда кабыл алынган.

Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия “Газпромбанктан” 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 млрд. сом насыя алмак.

Ар бир автобустун баасы 10 млн. сомдун тегерегинде болору айтылган. Мэрия автобустар газ менен жүрөрүн, майыптарга ыңгайлуу экенин жана аларда кондиционер, вай-фай, электрондук төлөө системасы сыяктуу бардык шарттар болорун билдирген.

Ал эми Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус 11 гана каттамды тейлей алат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.