Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова депутат Махабат Мавлянованы эмоцияга алдырып мындай жооп жазып алганын “NewTV” телеканалынын “Учур Чак” берүүсүндө билдирди.

Ошондой эле бул “пикирин” твиттерден өчүрбөй турганын кошумчалап, “Махабат айым менен бир күнү чайлашып, дагы көп маселелерди талкуулайбыз. Иттик менден кетти!” деди.

Белгилей кетсек, 21 – май күнү Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутатыМахабат Мавлянова соцтүйүндөгү баракчасына “Турмушка чыгып жаткан кыздар, далысы ачык, чыпташкан көйнөктөрдү кийбегилечи” деген сунушуна мэриянын кызматкериГуля Алманбетова “Пошла на …”деген жооп кайтарып, коомчулукта катуу сынга кабылган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз