Эпидемиологиялык абалды мониторингдөө учурунда Кыргызстан “кызыл”, “сары” жана “жашыл зоналарга” бөлүнүп, учурда Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

“Кызыл зонада” Бишкек шаары болсо, “сары зонада” Чүй облусу”, – деди ал. Калган алты аймак азырынча “жашыл зонада” деп эсептелүүдө. Министрдин орун басарынын айтымында, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен аралыктын сакталбашы, ошондой эле массалык көңүл ачуучу иш-чаралар себеп болууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.