Бүгүн, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Бишкек баатыр” китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жазуучу-акындар, тарыхчылар жана студенттер катышты.

Аталган китепти Бишкек баатырдын урпактарынын сунуштоосу менен төкмө акын Шекербек Адылов дастан кылып жазып чыккан. Автордун айтымында, китепти жазууга 5 жылдай убакыт кетип, ал 1000 нускада жарык көргөн.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.