Ысмын борбор калаабыз алып жүргөн Бишкек баатырдын айкелин орнотууга берилчү жер маселеси көп жылдан бери чечилбей келген.
Эми баатырдын айкели борборубуздун так ортосуна тургузулмай болду.
Тактап айтканда Эркиндик гулбагы менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде болот.
Айкел демөөрчүлөрдүн эсебинен чогулган каражатка жасалган.
Бийиктиги үч метр болгон колодон жасалган айкел сегиз миллион сомго жасалган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.