Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев оставкага арыз жазганы белгилүү болду.

Өздүк булактардын маалыматына таянсак, премьер-министр Сапар Исаковго арыз берилди.  

Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин эларалык бөлүмүнүн жетекчиси Арсен Закировдун ири өлчөмдөгү бюджеттик каражатты өзүмдүк кылып алганы үчүн ачылган кылмыш иши үчүн кызматынан кетүүгө бел байлаган. Ал өкмөткө сөз тийгизгиси келбей, оставкага кетүү менен кырдаалдан чыккысы келет.  

Белгилей кетсек, Шадиев парламенттин эларалык маселелер боюнча комитетин башкарган. Ошондуктан жогоруда аталган кылмыш иши боюнча бир нече жолу сурак берген.  

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз