Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15- ноябрь күнү мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти кайрадан карайт. Буга чейинки сот отуруму ишти карап жаткан судьянын ден соолугуна байланыштуу башка күнгө жылдырылган болчу.

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. Тергөө иштеринин ыкчам аракетинен улам үч адам кармалган. Алардын бири Бишкекте болсо, калган экөө Орусиянын абак жайында кармалууда.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.