Өлкөдө дагы 8 бейтап таажылуу вирустан айыкты.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинде Бишкек шаарынан 4, Жалал-Абад облусунан 1, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан 2 бейтап бар.

Өлкө боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 957 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.