Борбордук шайлоо комиссиянын кечээ, 12-декабрдагы жыйынында бир мандаттуу 19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы аныкталды.

БШКдан билдиргендей, тиешелүү округдардын аймактары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Айбек Алтынбеков, № 16 Ноокен шайлоо округу боюнча Бактыбек Сыдыков, № 22 Жайыл шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиев, № 23 Москва шайлоо округу боюнча Карим Ханджеза, № 7 Ош шайлоо округу боюнча Айбек Осмонов, № 28 Октябрь шайлоо округу боюнча Дастан Бекешев, № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Улан Бакасов, № 8 Төлөйкан шайлоо округу боюнча Нурбек Алимбеков, № 12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Элмурза Сатыбалдиев, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Данияр Төлөнов, № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Азизбек Турсунбаев, № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Акылбек Түмөнбаев, №2 Баткен шайлоо округу боюнча Нурлан Ражабалиев, №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Ырысбек Атажанов, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Омурбек Бакиров, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жусупбек  Коргонбай уулу, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кундузбек Сулайманов, №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жаныбек Абиров, №20 Манас шайлоо округу боюнча Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп табылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.