Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар Борбордук шайлоо комиссиясына арызын бере баштады. 13-сентябрга карата БШК билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөн Арсланбек Малиевден, Акылбек Сариевден жана Атамша Дурсуновдон арыз түштү.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчасы катоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык боло элек.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.