Ал күнү да үйгө кеч келдим. Бул жоругума үй-бүлөм деле көнүп калгандай. Жубайым кечки тамакты ичүү үчүн дасторкон салып жатыптыр, акырын келип колунан кармап, көзүнө карап туруп “Сени менен ажырашамын”, – дедим. Сөздөрүмө ачууланбады, жөн гана себебин сурады. Жооп бербей үнсүз тура бердим. Жооп бербегеним анын эми чындап жинин келтирди өңдөнөт, мага кашык, вилкаларды ыргытып ыйлап жатты. Бир учурда “Сен адам эмессиң”, – деди.

Ошону менен ал түнү сүйлөшкөн жокпуз… Ыйлап жатып акыры уктады. Ажырашуубуздун себебин аябай билгиси келип жатканын туюп жаттым. Аны сан миңдеген суроолор, ойлор кыйнап жатканын билсем дагы эмне деп жооп беришти билбей айлам кетти.

Жүрөгүмдү, акылымды Жане ээлегенден бери аялымдан көнүлүм калган. Ага жөн гана боорум ооругансып же балдарым үчүн жашагандаймын.

Терең ойлонуп, акыры чечим чыгарып  үйдү, унаамды жана фирманын  акциясынан 30% аялым жана балдарым ала турган кылып  ажырашуу кагазын даярдадым. Ал кагазымды окуп, окубай жатып майдалап ыргытып салды. Он жыл бирге түтүн булаткан аял, эми бейтааныш эле… Мен анын болгону бирге кетирген он жылдык өмүрүнө, эмгегине ичим ачышчу. Айтылган сөз, атылган ок эмеспи. Эмне болгон күндө деле айткан сөздөрүмдү кайра артка ала албайт болчумун.

Бир күнү жанымда биринчи күндөгүдөн дагы катуу бакырып ыйлады.  Негизи бул каршылыкты мен андан ажырашамын деп айткан күнү күткөн элем. Сооротподум, кандайдыр бир сөз айттууга акысы жоктой сездим өзүмдү.

Дагы бир күнү үйгө кеч келдим. Столдун үстүндө мага жазылган бир кагазды көрдүм. Тамак да жеген жокмун, дароо уктоочу бөлмөгө кирип кеттим…

Эртең менен аялым ажырашуу үчүн шарттарды койду. Менден бир дагы нерсе каалаган жок (материалдык байлык). Болгону ажырашканга чейин жашообузду бирге өткөрүп, артта калган бактылуү күндөрүбүз сыяктуу жашоону каалады.

Себеби болсо жөпжөнөкөй.

Балабыздын сынактары жакындашып жатат, бул окуя ага сокку болбосун деди.

Жаңы үйлөнгөнүбүздө мен аны үйгө колума кандай көтөрүп келгенимди эстетти. Сот боло турган күнгө чейин мен аны эшиктен уктоочу бөлмөгө чейин колума көтөрүп жеткирүүмдү каалады. Жинди болдубу, деп ойлоно баштадым. Алгач үйдө жаңжал чыкпасын деп ыңгайсыз болсом да сунушун кабыл алдым.

Биринчи күн, аялымды уктоочу бөлмөгө чейин колума көтөрүп баратканда экөөбүз тең бир кызыктай болдук. Балам болсо кубанып “Арстан атам! Апамы колуна көтөрүп жеткирди!”- деп кол чаап алкыштады.

Уулумун айткан сөздөрү түз эле барып жүрөгүмдү бычак менен тилип кеткендей болду.

Аялымды, уктоочу бөлмөдөн мейманканага, андан эшикке чейин колумда көтөрүп жүрдүм. Бир убакта көздөрүн акырын жумуп шыбырап “Ажыраша турганыбызды уулубузга айтпа”, – деди. Макул болгондой белги менен башымы ийкеп жерге түшүрдүм.

Экинчи күн, бул абалга дагы бир аз көнө баштадык. Көкүрөгүмө башын койгонунда көйнөгүндөгү атырдын жыты буркурап турду. Көп убакыттан бери аялыма башка аялдарды карагандай эч карабагандыгымды байкадым. Жүзүн бырыш басып, чачтары да буруул тартып калыптыр.

Төртүнчү күнү, аялымды колума көтөргөнүмдө ортобузда бир байланыш пайда болгонун сездим. Кучагымдагы аял мага жана үй-бүлөмө он жылын арнаган. Дал ушул күнү аялымды чындап аяп кеттим.

Бешинчи, алтынчы күндөрү ортобуздагы байланыш дагы да  жакындагандыгын байкадым.

Ажырашуу күнү жакындаган сайын ортобуздагы байланыш күчүнө кирип, аялым дагы көтөргөнүмдө жеңил сезиле баштады. Ага берген азаптарды сезип, айрымалай баштадым.

Ошол мезгилде уулум чуркап келип, “Ата, апамды көтөрүү убактысы!” – деди. Ар күнү апасын колума көтөргөнүм уулумун жашоосундагы маанилүү нерселердин бири боло баштаган тура.  Аялым, уулумду кучагына бекем кысты. Мен болсо пикиримди алмаштырбоо үчүн башымды тескери буруп кеттим.

Аялымды колума көтөрдүм, ал моюнумдан катуу кучактады. Аны кучагыма бекем кыстым кудум эле үйлөнгөнүбүздүн алгачкы күнү сыяктуу.

Сот күнүнөн бир күн мурун аялымды дагы колума көтөрдүм. Алдыга кадам таштоого негедир кыйналып жаттым. Көпкө ойлонуп, акыры эмне кылуу керек экендигин чечтим… Жаненин бардым да ага, ” Кечирип кой Жане. Аялым менен ажырашууну каалабаймын”, – дедим. Кеч болсо да мен баардык нерсенин айрымасын билдим. Үйлөнгөнүбүздө биринчи күн аялымды колума көтөрүп үйгө алып келип, өмүрүм өткөнчө колумда көтөрүп жүрөмүн деп сөз берген элем… Үйгө барууга шашып, жубайыма гүл алып алууну ойлодум. Гүл сатуучу, кагазга эмне деп жазуу керектигин сурады, мен жылмайып ” Өлүм бизди айрыганга чейин сени колумда көтөрүп жүрөмүн”, – дедим.  Колумда гүл, жүзүмдө жылмайуу менен үйгө ашыгып келдим. Босогодон мени суук кабар тосуп алды… Көрсө, мен көчөдө жүргөндө аялым өмүр менен кош айтышып кете бериптир. Баарын кийин билдим, аялым бир нече айдан бери рак илдети менен алышып жүргөндүгүн. Мен Жаненин махабатына мас болуп, көзүм караңгылап жүрүп эч нерсени байкабаптырмын.

Каза болорун билген өңдүү, ошол себеп уулубуздун менден көңүлү калбасын деп, ажыраша турганыбызды ага байкатпашымды айткан тура. Аялымдын акылдуулугунан улам, мен уулумдун көзүндө аялын сүйгөн, сүйүктүү жолдош,камкор ата болуп калдым. Ошентип аялымды акыркы жолу колумда көтөрдүм…

Күндөлүк турмушта маанисиз жана көңүлсүз көрүнгөн нерселер негизи жашообузду көрктөндүрүп турат. Канчалык чоң үйүбүздүн, кымбат маркадагы унаабыздын болгону же болбосо банктык эсептеги акчанын көп суммада экендиги маанилүү эмес. Материалдык нерселер бактылуу болуу үчүн салым кошкон каражаттар болгону!…

Бирок эч бири бизге туруктуу бакытты бере албайт! 

Андыктан, сүйгөн адамыңызга жашоодо түбөлүк дос болуңуз. Ортодогу мамилени өрчүтүп, сактап калуу үчүн сиз дагы бир аз болсо да аракет кылыңыз.

Түрк тилинен которгон Гүлзада Абдырахманова

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз