Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети экологиялык жана экономикалык абалды жакшыртуу максатында, ошондой эле импорттук отунга көз карандуулукту төмөндөтүү алкагында иштелип чыккан «Биоотун» жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Биоотун катары  дан, картошка жана курамында крахмал менен кант камтылган өсүмдүктөрдү кайра иштетүүгө болот. Мисалы, кызылча ширеси (патока) – кант кызылчасын өндүрүүдөгү кошумча өнүм болуп эсептелет. 25 гектар өлчөмүндө кант кызылчасына айдоо аянтын бөлүп берүү, мамлекеттин бир жылдагы кантка болгон керектөөсүн 100 пайыз камсыздай алат. Бул 1,3 млн декалитр биоэтанолду өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондон улам, жылына 1,5 млн  өндүрүш кубаттуулугу менен “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын базасында киргизүү сунушталууда. Ал биоэтанолду өндүрүү технологиясын – орточо эсеп менен 140 млн сом (2 млн доллар) өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай чаралар жумушчу орундарды (210 адам) сактап калууга, 800 млн сомго өндүрүштү жогорулатууга, 100 млн сомдон ашык салык төлөмдөрүнүн келип түшүүсүнө шарт түзөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз